АК-БУУРА ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-БУУРА ШААР КАЛДЫГЫ – биздин замандын 1–2‑кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Ак‑Буура суусунун сол өйүзүндө, Ош шаарынын түштүк четинде жайгашкан. Ак-Буура шаар калдыгы биздин замандын алгачкы кылымында Ош оазисин жор­туулдардан коргоо үчүн курулган чеп болгон. Ал­гач А. Н. Бернштам (1941), кийин Б. Аман­баева 20‑кылымдын 90‑жылдарында изилдешип, Ош шаарынын тарыхы жана маданиятына тиешелүү ар кан­дай буюмдарды табышкан.
Д.Ф. Винник.