АК-БУЛАК - Түп районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:42, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-БУЛАК – Ысык‑Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Ысык‑Көл ойдуңунун түндүк-чыгышын­да, Күнгөй Ала‑Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1740 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Ка­ракол шаарынан 42 км, райондун борбору Түп кыштагы­нан 13 км түндүк-батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 174 км 1961‑жылы отурукташкан. Кал­кы 1821 (2022). Күрмөнтү цемент жана кыш заводдо­ру иштейт. Ал жыл сайын республикада өндүрүлгөн клинкердин 8,5%ин (83 миң т), цементтин 8,0%ин (97,1 миң т) иштеп чыгарат. Орто мек­теп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.