АК-БЕШИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:23, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-БЕШИМ (кыргызча ак; монголчо беш – са­рай, имарат; ак сарай, ак имарат, ак үй маани­синде; мурдагы аты – Чала‑Казак) – Чүй районундагы кыштак. Ак‑Бешим айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Чүй кыштагынан 4 км түштүк-батыш тарапта. Токмок те­мир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 970 м би­йиктикте. Калкы 3103 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана, өндүрүштүк окуу комбинаты, мончо, ФАП, мечит жана башкалар бар.