АЦЕТИЛЕН ГЕНЕРАТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ кальций карбидине (СаС2) сууну кошуп, ацетилен газын (С2Н2) бөлүп алуучу аппарат. Ал процесс төмөнкү реакция б-ча жүрөт: СаС2 + 2Н2О = С2Н2 + Са(ОН)2. Бул реакциянын натыйжасында 1 кг тех. СаС2ден 20°С ж-а 101325 Н/м2 (760 сым. мам. мм) басымдагы 235‒285 л С2Н2 алынат. СаС2ден бөлүп алынуучу ацетилен газ пайда кылуучу генератордо алынат да, андан газ чогулткучка берилет. Жалпысынан төмөнкү (0,01 МН/м2 же 0,1 кгк/см 2 чейин), орт. (0,01‒0,15 МН/м2 же 0,1‒1 кгк/см 2) ж-а жогорку (0,15 МН/мг же 1 кгк/см 2 ашык) басымдуу А. г. болуп айырмаланат. А. г. металл кесүү, ширетүү ж. б. иштерде колдонулат.