АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:40, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ, агро­метеорология – метеорологиялык кубулуштар менен айыл чарба өндүрүшүнүн объектилери жана процесстери ортосундагы өз ара байланыш жөнүндөгү илим. Аба ырайы, топурактын нымдуу­лугу менен температурасы, кардын түшүшү жана анын калыңдыгы, жер тоңунун тереңдиги жана башка метео­рологиялык шарттар айыл чарба өндүрүшүнө түздөн‑түз таа­сир этет. Ошондуктан Айыл чарба метеорологиясы айыл чарбасынын талабына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүп, агро­метеорологиялык прогноздоо жолдорун белгилеп, өндү­рүштүк мекемелерге жардам берет. Байкоолор ме­теорологиялык станцияларда жана посттордо жүргүзүлөт.