АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:32, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ – мамлекеттик менчик жерлерден түзүлгөн, айыл чарбасына жарактуу жер тилкелери. Фонд­дун жерлери мамлекеттин менчигинде гана бо­лот. Фонддон пайдалануучуларга эреже ката­ры, жер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө гана бе­рилет. Фонддун жерлерин башкаруу жана тескөө мамлекеттик атайын орган менен макулдашуу боюнча айыл­дык, шаар кеңештердин аткаруу органдары та­рабынан жүргүзүлөт. Фонддун жерлери сатыл­байт, жер тилкелеринен КРдин жарандарынын менчигине берүү өзгөчө учурларда гана жергиликтүү ке­ңештердин сунушу боюнча Өкмөт бекиткен чечим­дин негизинде жүзөгө ашырылат.
Б. Рысмендеев.