АЙНЕК ИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:12, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙНЕК ИШТЕРИ – имараттардын терезе, каал­галарын айнектөө. Курулушта терезе айнеги, арматуралуу, саймалуу, түстүү, чыңалган айнектер жана айнек блоктору колдонулат. Бул иш айнекти керектүү өлчөмдө кесүү, аны терезеге, каалгага жана башкага жарык кирүүчү оюктардын ал­кактарына орнотуудан, бекитүүдөн, тазалоодон турат. Кадимки айнектин калыңдыгы 2, 3, 4, 5 жана 6 мм болот. Мында айнектен башка негизги материал катары олифте даярдалган бор жыл­чык шыбагы (замаскасы), минералдык майлар­дан жасалган битумдуу жана темир же коргошун суригинде жасалган белила жылчык шыбагы пайдаланылат.