АЙМАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙМАК – жер бетинин өзүнө мүнөздүү табигый, ошондой эле адамдын таасиринен пайда болгон касиеттери жана ресурстары бар белгилүү бир бөлүгү. Айрым чет өлкөлөрдүн административдик-аймактык бирдиги (мисалы, Монголияда, Тувада, Бурятияда, Дагестанда). Башка тилдерде аймак – уруу, урук‑тукум, эл‑журт (фарсы, эвенк, якут), кыштак, маала, коом (азербайжан), айылдын чети (татар, мари), көп (башкырт) деген маанилерди берет.