АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:56, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамзатты тегерете курчап турган жашоо‑тиричилик жана өндүрүштүк иш шарты. Адатта ага табигый чөйрө жана адам өзү жараткан материалдык чөйрө (куру­луштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагыч­тар, каналдар, жолдор жана башкалар ) кирет. Айлана-чөйрө табигый чөйрөгө караганда кеңирирээк маа­ниде. Табигый чөйрө коргоого көбүрөөк муктаж болот. Анткени, адамзат жараткан чөйрөнүн объектилеринен табигый чөйрө жа­быркап, алардын байланыштары үзүлүп, табигый тең салмактуулук бузулат. Демек, коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнө жана адамзаттын дээрлик географиялык кабыкты камтып иш чөйрөсүнүн кеңейи­шине жараша табиятты коргоо боюнча комплекстүү иш‑чаралардын зарылдыгы келип чыгат.