АЙЛАМПА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:37, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАМПА, и р и м, а й л а н к ө ч ө к - дарыянын же деңиздин үстүнкү бетиндеги айрым жерлерде

суунун имерилип оргуп агышы­нан пайда болгон ирим. Айлампа көлмөлөрдө же агын сууларда эки агымдын кездешкен жеринде, суу нугундагы чуңкур жерлерде же анын жээгинде чыгып турган урчуктарды имерилип агарда, ошондой эле суу нугунун кескин жайылып кетер ал­дында пайда болот. Ал эми деңиздерде ташкын жана тартылуу толкундарынын, ошондой эле карама­-каршы агымдардын кошулган жерлеринде жа­ралат. Айлампанын диаметри бир нече смден, океан­дарда бир нече кмге жетет.