АЙДАРКЕН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:03, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКЕН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ – Баткен облусундагы Айдаркен шаарына жакын жайгашкан. «Айдаркен сымап комбинаты» мамлеттик акционердик коомуна караштуу. 1967‑жылы ишке киргизилген. Аянты 40 000 м2. Консервацияланган эмес. Мында Айдаркен сымап кенинин рудасын иштетип, пайдалуу ме­таллды бөлүп алгандан калган, курамында сымап, сурьма, фтордуу кальций, мышьяк жана башка бар кен таш (руда) калдыктары сакталат. Азыркы абалы эколологиялык жактан канааттандырарлык, бирок жалпы эколологиялык системаларга таасирин тий­гизип турат.
Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно‑техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999.

Б. Үсөнканов.