АЙБАШЕВА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:42, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙБАШЕВА Канымкүл (1901‑1940) – актриса, кыргыз театр искусствосунун эң алгачкы өкүлдөрүнөн, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Анын чыгармачылык иши театр студиясынын ачылышы (1926) менен байланыштуу. Театрда белгилүү ролдору: Бүбүкан (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей», 1927), Күлсүн (К.Жантөшев, «Карачач», 1929), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү», 1929), Эшимдин аялы (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов», 1936), Токтордун байбичеси (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937) жана башка. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.