АЙБАЛТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:33, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙБАЛТА – жоокерчилик куралы. Байыркы темир доорунан эле көп элдер, анын ичинде кыргыздар да урунуп келген. Көрүнүшү жарты ай сымал келип, темирден ар түрдүү өлчөмдө жасалган.

АЙБАЛТА42.png

Айбалта ар бир жоокердин тулкусуна чактап, урушта колдонууда эптүү кылып даярдалган. Са­бын ыргай, четин, кайың жана башка катуу жыгачтан жасашып, колго токтомдуу болуш үчүн аны быдырлантып, урушта колдон чыгып кетпес үчүн саптын учуна кайыштан бүлдүргү тагыл­ган. Душманды ууландырып өлтүрүү максатында Айбалтанын мизин кээде ууга сугарышкан. Айбалта ат үстүндө да, жөө калганда да урушууга эң ыңгай­луу согуштук куралдардын катарына кирет.