АХУНБАЕВ Мустафа Исаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Мустафа Исаевич (12. 3. 1935-ж. т., Ташкент ш.) ‒ ырчы, режиссёр. КРдин эл арт. (1992), КРдин иск-восуна эмг. сиӊ. ишмер (1975). А. Малдыбаев атн. сыйл. лауреаты (1988).
АХУНБАЕВ71.png

1961-ж. Москвадагы П. Чайковский атн. мамл. консерваториянын ырдоо классын бүтүргөн. 1961‒69-ж. Кыргыз мамл. акад. опера ж-а балет театрында ырчы. 1969-ж. Ленинграддагы Н.Римский-Корсаков атн. мамл. консерваториянын опера режиссёру классын бүтүргөн. Окуп жүргөндө эле Киров атн. опера ж-а балет театрында режиссёр-ассистент катары «Садко» операсын коюуга, «Ленфильмде» экинчи режиссёр ж-а актёр катары А. Бородиндин «Князь Игорь» көркөм фильмин тартууга катышкан. 1969‒70-ж. Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында коюучу-режиссёр, 1970‒71-ж. «Кыргызтелефильмде», 1971‒75-ж. СССРдин ГАБТта ж-а Кремлдеги съезддер дворецинде режиссёр болуп эмгектенген. ГАБТтын башкы режиссёру, Б. А. Покровский м-н экинчи режиссёр катары «Руслан менен Людмила» операсын койгон. 1975‒2002-ж. чейин Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында башкы режиссёр болуп иштеген. 25 опера, «Ала-Тоо жазы» фестивалынын концерттерин койгон. 1984‒93-ж. театрда иштөө м-н бирге Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тунда, 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда проф. (1988). Театр коллективи м-н чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. «Өлбөстүк», «Саманчы жолу», «Тынч Дон», «Петр I» аттуу спектаклдерди мыкты койгондугу үчүн Бүткүл союздук конкурста биринчи даражадагы диплом, медалдар м-н сыйланган.
Б. Алагушов.