АДМИРАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:13, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДМИРАЛ [(ар. Амир аль (бахр) – деңизде бий­лик кылуучу)] – аскер‑деңиз флотундагы жо­горку аскердик наам. Алгач европалыктар Адмирал түшүнүгүн түз маанисинде кабылдашып, мисалы, Колумбга «Океандын адмиралы» деген наам ыйгарышкан. Бирок негизинен мусулмандар да, алардан деңиз иштеринин көп жактарын өздөш­түрүшкөн христиандар да Адмирал деп ф л о т же эскадрага командалык кылгандарды аташкан. 18‑кылымдан флот Адмирал (армиянын генералы наамына тете), адмирал (генерал‑полковник), вице­адмирал (генерал‑лейтенант) жанa контр­адмирал (генерал‑майор), ошондой эле инженердик кеме курамы үчүн контр‑Адмирал-и н ж е н е р, в и ц е- А д м и р а л-и н ж е н е р, и н ж е н е р жана А д м и р а л-и н ж е н е р деген наамдар пайда болгон. Кыргызстанда биринчилерден болуп Темиров Марат жогорку аскер‑деңиз чини – контр‑Адмирал наа­мын алган.