АДЖАНТА
АДЖАНТА – Батыш Индияда Вахор дарыясынын өрөөнүндөгү аскага чегилип жасалган будда монастырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) жана вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. Аджантадагы эстеликтер негизинен биздин замандын 4–5‑кылымына, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сакталыл калган) биздин заманга чейин 2–1‑кылымга таандык.
Аджанта үңкүрү айбанаттар жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү, ошондой эле буддалык уламыштардан алынган мотивдер менен кооздолуп, скульптура менен архитектуранын бирдиктүү айкалышынан турат. Аджантадагы кайталангыс оймо‑чиймелер, турмуштук байкоолорго, өткүр фантазияга жана композициялык көркөмдүккө бай кооздугу Индиянын ошол кездеги көп жактуу турмушун чагылдырат.
