АДЕНОМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДЕНОМА (гр. aden – без, ома – шишик) – де­недеги ар кандай бездүү органдарда (эмчек, боор, бөйрөк, простата бездери жана башкалар) без эпителийи­нен пайда болуучу зыянсыз шишик. Анда без тканынын баштапкы түзүлүшү сакталат. Анын өлчөмү, формасы ар түрдүү, көзгө көрүнбөгөн ки­чинекей көлөмдөн тартып, баланын башындай болгон эң чоң Аденомалар кездешет. Аденома кээде залал­дуу шишикке (ракка) өтүшү мүмкүн. Ошондук­тан операция же башка жол менен өз учурунда дарылоо керек.