АДАМСИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:36, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДАМСИТ, д и г и д р о ф е н а р с а з и н х л о р и д, HN (С6Н4)2 AsCl – кристалл түрүндөгү химиялык жактан туруктуу сары күкүм. Эрүү t 195°С, кайноо t 410°С, сууда эрибейт, ароматтык жана көпчүлүк органикалык бирикмелерде начар, ацетондо жакшы эрийт. Ал дифениламин (С6Н5)2 NH менен үч хлордуу мышьяктан AsCl3 дифениламиндин хлоргидраты (С6Н5)2 NH • НС1 менен мышьяк ан­гидридинен As203 алынат. Дем алуу жолдорун дүүлүктүргүч заттарга кирет.