АДАМ ЖАНА БИОСФЕРА ПРОГРАММАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДАМ ЖАНА БИОСФЕРА ПРОГРАММАСЫ – табигый ресурстарды пайдаланууну жөнгө са­луу проблемалары боюнча орчундуу изилдөөлөрдү координациялоочу мамлекеттик программа. 1970‑жылы ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясынын 16‑сессиясында эл аралык биологиялык программанын уландысы катары кабыл алынган; 1984‑жылы про­граммага 90 өлкө катышкан. Негизги милдети ­дүйнөнүн ар башка аймактарында адамдын био­сферага тийгизген таасиринин жанa ал өзгөрүү­лөрдүн көп түрлүү иш‑аракетинин (жерди иш­тетүү, инженердик-техникалык иштер, энергияны пайдалануу жана башкалар) өзүнө тийгизген таасирин комплекстүү изилдөө болуп саналат. Программа ушул багыт­тагы 14 долбоорду камтыйт.