АГРОФИЗИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:27, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГРОФИЗИКА, а г р о н о м и я л ы к ф и з и к а (агро... жана физика ) ‒ топурак жана өсүмдүктөгү физикалык процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физикалык шартты жөнгө салуучу ыкманы, каражатты колдонуу ж­өнүндөгү илим. Ал бир нече бөлүмдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы ж­ана каражаттары. Агрофизика 20-­кылымда калыптанган, азыркы табият таануу илимдеринин, айрыкча физика, биофизика жана башкалардын теориялык жетишкендиктеринин негизинде өнүгүүдө. Анын өнүгүшүндө орус окумуштуулары Д. Н. Прянишников, А. Г. Дояренко, Н. А. Качинский, А. Ф. Иоффе чоӊ салым киргизген. Агрофизикалык изилдөөлөрдө вегетациялык жана башка ыкма жана так приборлор (өсүмдүктөгү физиологиялык процесстерди изилдөө, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүн аныктоо үчүн) колдонулат. Прибордун жардамы м­енен өсүмдүктөгү биологиялык процесстер, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүнүн абалы жана башкалар жөнүндө маалымат алынат. Алынган маалыматтар топуракта ным сактоо, топуракта жылуулук режимин, үрөн себүү ыкмасын жакшыртуу жана башка үчүн пайдаланылат.