АГРОМЕЛИОРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:53, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГРОМЕЛИОРАЦИЯ ‒ жерди мелиорациялык жакшыртууга багытталган илимий, уюштуруу-техникалык, экономикалык жана өндүрүштүк система. Агромелиорация иштетилүүчү жер бетин пландоо, жер алдындагы сууну төмөндөтүү, шор топурактын тузун азайтуу, топурак жана суу ресурстарын башкаруу, сугаруу режимин жана системасын жакшыртуу, топурак сактоочу токой тилкелерин тигүү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууну программалоо жана башка иш-чараларын камтыйт.