АГРОЛАНДШАФТ КАРТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:51, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГРОЛАНДША́ФТ КАРТАСЫ ‒ топурак кыртышынын структурасы менен кошо түрдүү табигый жана айыл чарба өзгөчөлүктөрүнө мүнөздүү участоктор чогуу чагылдырылган карта. Бул участоктор аймакты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеген көрсөткүчтөрдүн (кыртышы жуулуп кеткен, ашыкча нымдуу, таштуу жана башка жерлер) негизинде бөлүнүп алынат, аны айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык, экономикалык жактарын караган мекемелер пайдаланат.