АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:01, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОБИ́ЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ ‒ автомобилди кыймылга келтирүүчү механикалык энергиянын булагы болгон атайын кыймылдаткыч. Автомобиль үчүн жылуулук жана электр кыймылдаткычы колдонулат. Анын көпчүлүгү ичинен күймө

бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч болот да, жумуш процесси боюнча 4 жана 2 такттуу, күйүүчү майды от алдыруунун жолу боюнча карбюратордуу жана дизелдик болуп бөлүнөт. Автомобиль кыймылдаткычы цилиндринин саны жана жайгашышы (катарлаш, V түрүндө жана башка), клапанынын орун алышы (жогору же төмөн), цилиндринин жумуш аткаруу көлөмү (литражы), муздатуу түрү (суу, антифриз же аба менен), аткарган кызматы жана ушундай сыяктуу боюнча айырмаланат. Азыркы 4 такттуу автомобиль кыймылдаткычы цилиндрдин блогунан (картери менен) жана бөркүнөн, бышкектен, тээктен (шатундан), муунактуу валдан, күүлөнтүүчү дөӊгөлөктөн, бөлүштүргүч валдан жана башкадан турат. Цилиндринин саны канча көп болсо, кыймылдаткыч ошончо бир калыпта иштейт. Кыймылдаткычтар: радиатор, желдеткич, аба жана май чыпкалары, стартер жана башка менен жабдылат. Жеӊил жана көлөмү кичине аккумуляторду түзүү шаар ичинде

Карбюраторлуу кыймылдаткычтын туура кесилиши: 1 ‒ картер; 2‒ муунактуу вал; 3 ‒ шатун; 4 ‒ бышкек (поршендин) шакекчеси; 5 ‒ бышкек; 6 ‒ цилиндр блогу; 7 ‒ клапан; 8 ‒ цилиндрдин бөркү; 9 ‒ бөлүштүргүч вал; 10 ‒ коромысло; 11 ‒ карбюратор; 12 ‒ стартер

жүргөн автомобилдердеги ичинен күймө кыймылдаткычты электр кыймылдаткычы менен алмаштырууга да мүмкүндүк берет.