АБРАМЦЕВО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:15, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБРАМЦЕВО – Москва облусунун Загорск шаарына жакын жердеги музей-чарбак. 18-кылымда Головиндердики, 1843-жылдан Аксаковдор, 1870-жылдан С. И. Мамонтов ээлеген, 1918-жылдан музей. 18-кылымдын ортосунда жыгачтан салынган чарбак үй, паркында «орус стилиндеги »курулуштар (чиркөө, 1881–1882-жылдар) бар. Абрамцеводо С. Т. Аксаковдукуна Н. В. Гоголь, И. С. Тургенев, М. С. Щепкин келип турушкан. 1870–1890-жылдары орус көркөм чыгармачыл интеллигенция турмушунун маанилүү борбору; бул жерде К. А. Коровин жана башкалар иштешкен; жыгач оймолоо жана майолика өнөрканалары уюштурулган. Абрамцево 1977-жылдан расмий түрдө «Абрамцево» мамлекеттик тарыхый көркөм жана адабий музей коругуна айланды.
К. Сарбанов.