АБДЫКАЛЫКОВ Нурлан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАЛЫКОВ Нурлан (17.8.1965, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы – 1989, ошол эле жерде) – спортчу, бокс боюнча СССР спортунун чебери, кыргыз жигиттеринен алгачкы эл аралык класстагы спорт чебери, СССРдин (1984-86), Европанын (1985) чемпиону. КМУнун юридика факультетин бүткөн. Бокс менен 10 жашынан машыккан. Көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.