НАГАРА
Jump to navigation
Jump to search
НАГАРА, нагора, накара (арабча накаратун – добулбас кагуу) – 1. Жакынкы жана Орто Чыгыш элдеринде кеңири тараган мембранофондор түркүмүнөгү музыкалык аспап. Карапа сымал тулкусу бири-биринен көлөмү менен айырмаланат. Түрлөрү: өзбектердин кош-нагорасы, грузиндердин диплипитосу жана башкалар. 2. Азербайжандардын эки жагына жаргак тартылган цилиндр сымал урма музыкалык аспабы. Ансамблдерде колдонулат.