МУНДШТУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:38, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''МУНДШТУК''', мүштөк (немисче mund – ооз, stuck – кесинди) – үйлөмө музыкалык аспаптын аткаруучунун...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

МУНДШТУК, мүштөк (немисче mund – ооз, stuck – кесинди) – үйлөмө музыкалык аспаптын аткаруучунун оозу, илеби, тиши, тили менен катнашып туруучу бөлүгү. Адатта мундштук чыгарылып, кайта салынма болот. Тикесинен бойлото кармалып ойнолуучу кларнеттин, саксофондун мундштугу канаттуулардын тумшугу сымал болот. Ал эми табигый добуш катарлуу үйлөмө аспаптардын мундштугу кадимки мүштөк түрүндө болуп, түзүлүшү боюнча чарадан, моюндан жана түтүктөн турат. Мындай ички түзүлүшү, диаметри, узундугу аспаптын добуш тембрине таасир тийгизет. Аны менен аспаптын акустикалык, добуш алуу өзгөчөлүгү байланышта.