МУКАМ
Jump to navigation
Jump to search
МУКАМ – Орто жана Жакынкы Чытыш өлкөлөрүндө кеңири тараган оозеки салттагы адистик музыка – макам, мугам, макомдун аймактык аталышы. 1. Мукам уйгур музыкалык маданиятында кезигет. Ал башка аймактык түрлөрү сыяктуу эле көп бөлүмдөн турган вокалдык-аспаптык бий композициясы. Мукам бүгүнкү күндө экиге – кашгар мукам жана долан мукам болуп бөлүнөт. Мукам катарына 12 чыгарма кирет, алар: рак, чаббыят, мушаврак, чаригох, панджигах, узхал, аджам, ушак, баят, нова, сигах, ирак. Мукам ырчылар, аспаптык ансамбль жана бийчилер тарабынан аткарылат. 2. Түркмөндөрдүн оозеки салттагы адистик музыкасында дутарчылар тарабынан аткарылуучу аспаптык күү.