МУЗЫКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯ
МУЗЫКАЛЫК ЭТНОГРАФИЯ (грекче ethnos - эл, grapho - жазуу) - музыка таануунун багыты, илимий тармак. Музыкалык этнография оозеки салттагы музыка өнөрүн үйрөнөт, изилдейт. Музыкалык этнография ар бир тарыхый мезгилде, ар башка өлкөлөрдө ар түрдүү аталган (мисалы, музыкалык фольклор үйрөнүү илими, музыкалык этнология, салыштырмалуу музыка таануу, этномузыкология жана башкалар). Музыкалык этнография адатта күндөлүк турмуштагы оозеки салттагы музыканы изилдейт, талдайт. Элдик музыкалык чыгармачылыкты жыйноо, нотага түшүрүү, басып чыгаруу, изилдөө жана башка музыкалык этнографиянын негизги милдети. Бул жагдайда музыкалык этнография эстетиканын, этнографиянын, социологиянын, психологиянын, лингвистиканын, ошондой эле так илимдердин (математиканын, статистиканын, акустиканын жана башкалар) ыкмаларын, усулдарын кеңири колдонот. Музыкалык этнография башаты Ж. Руссо, М. Монтень, И. Г. Гердер сыяктуу философтор, жазуучулар ысымына байланышса, ал эми музыкалык этнографиянын илим катары калыптанышы (1885-1990-жылдар) А. Эллис тарабынан добуш бийиктикерин өлчөөдө цент системасын колдонуудан жана оозеки музыкалык чыгармаларды жазууда фонографты пайдалануудан башталган. Бүгүнкү күндө музыкалык этнография ар бир улуттун оозеки салттык музыкалык маданиятын үйрөнүүдө, изилдөөдө жана жалпы жыйынтыктоочу денгээлде бир топ ийгиликтерге жетишти.