«АРТХАШАСТРА»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АРТХАШАСТРА» (санскр. – пайдалуу жашоо жөнүндөгү илим) – байыркы индиялык трактат; мамлекетти башкаруу маселелери боюнча көрсөтмөлөрдүн жыйнагы. Болжол менен биздин заманга чейин 4-кылымдан биздин замандын 2–3-кылымдарында жазылган. Анын негизин Каутильо түзүп, кийинчерээк башка авторлор тарабынан толукталган. Изилдөөчүлөр «Артхашастраны» мааниси боюнча үч темага бөлүшөт: акылдуу падышанын ишмердүүлүгү жана вазийпалары; башкаруу жана укук; согуш жана дипломатия маселелери. «Артхашастра» – Байыркы Индиядагы коомдук мамилелер, экономикалык, саясий институттар жөнүндөгү булак болуп саналат.