«АЛА-ТОО» АЯНТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:07, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АЛА-ТОО» АЯНТЫ ‒ Бишкек шаарынын башкы салтанат аянты. А. Орозбеков ‒ А. С. Пушкин, И. Раззаков ‒ Киев көчөлөрү менен чектешет. Аянт аркылуу шаардагы ири көчөлөрдүн бири Чүй проспекти өтөт. Аянттын курулушу 1984-жылы Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгынын урматына бүткөрүлүп, анда 14-октябрда шаар эмгекчилеринин юбилейлик майрамдык демонстрациясы өткөн. Аянттын архитектуралык композициясынын өзөгүн «Эркиндик» монументи (2003, скульптору Т. Садыков) түзөт.

Ала-Тоо аянты.

Эстеликтин түбүнө өкмөттүк трибуна орнотулган. Чүй проспекти менен Киев көчөсүнүн ортосунда бири-бирине симметриялуу жайгашкан 4 фонтандын аралыгына концерт, салтанаттуу чогулуш жана башка иш-чаралар өткөрүлүүчү чатыр-сахна курулуп, ал чыгышынан жана батышынан аркадалуу имараттар, түштүгүнөн Киев көчөсүнө туташуучу тепкичтер менен курчалган. Бул архитектуралык ансамблге Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин имараты (1985), «Достук үйү», «Достук» монументи (1974), мамлекеттик туунун флагштогу кирет. Аянттын архитектуралык композициясынын авторлору: архитекторлор Г. П. Кутателадзе, И. Д. Кадырбеков, В.В.Лызенко, Н. Н. Уллас, А. Т. Горемыкин, А. М. Нежурин, Ю. А. Чубаров, И. К. Камбарбаев, И. И. Лихтеров.