АНДРЕЕВ Константин Павлович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АНДРЕЕВ Константин Павлович''' [айы, күнү белгисиз, 1923. Түркстан АССРи, Жети-Суу (азыркы Ыс...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДРЕЕВ Константин Павлович [айы, күнү белгисиз, 1923. Түркстан АССРи, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Пржевальск уезди (азыркы Түп району), Түп айылы – 18. 02. 1945, СССР, Латвия ССРи (азыркы Латвия), Лиепай уезди] – Даңк орденин толук кавалери. Советтик Армиянын катарына 1942-жылы Саратов шаарынын Сталин районунун аскер комиссариаты тарабынан чакырылып, 46-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 139-гвардиялык аткычтар полкунда чалгынчы болуп кызмат өтөгөн. 17. 09. 1944-жылы гвардиянын кенже сержанты К. П. Андреев Латвияны бошотуу үчүн жүргөн салгылашууда Прусен кыштагына жакын жерден душмандын ок атуучу жерин аныктап, алардын үчөөнү жайлап, баалуу документтерди колго түшүргөн. Бул эрдиги үчүн ага 27. 10. 1944-жылы 3-даражадагы Даңк ордени ыйгарылган. Яунземьи кыштагына жакын биринчилерден болуп душмандын траншеясына кирип барып, пулемётун жок кылып бир нече солдатын өлтүргөнү үчүн 12. 12. 1944-жылы 2-, ал эми 25. 01. 1945-жылы Адужи кыштагына жакын жерден душмандын блиндажын ээлеп алган эрдиги үчүн 29. 06. 1945-жылы 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Сөөгү Динздурбе айлына (азыркы Эмбут болуштугу, Вайнёд крайы, Латвия) жакын жерге коюлган.  

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.