КАДЫРАЛИЕВ Таалайбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:11, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''КАДЫРАЛИЕВ''' Таалайбек (07.08.1968-жылы туулган,  Нарын облусу, Нарын шаары) –  спортчу (бокс), СССР...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КАДЫРАЛИЕВ Таалайбек (07.08.1968-жылы туулган,  Нарын облусу, Нарын шаары) –  спортчу (бокс), СССРдин спорт чебери, эл аралык спорт чебери, КРдин эмгек сиңирген  спорт чебери.  КРдин  көп жолку чемпиону  (1990–2000). 1987, 1989, 1990-жылдары  СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн биринчилигинде үч жолу экинчи орунду ээлеген. 1988-ж. Алматыда  өткөн  СССРдин  Куралдуу күчтөрүнүн  чемпионатында алтын медаль уткан.  1983-ж. КМШнын  жаштар оюндарында коло металлга, 1993-ж.  Шериктеш өлкөлөрдүн  алтын медалына  ээ болуп, чемпион аталган.  1994-ж. Бангкокдо өткөн Дүйнө кубогунда коло, 1999-ж.  Ташкентте өткөн Азия чемпионатында  күмүш  медалга ээ болгон.  1999-ж. Борбордук  Азия оюндарынын чемпиону аталган. Эл аралык турнирлердин  бир нече жолку  жеңүүчүсү. Д. Шопоковду  эскерүү эл аралык мелдештерде 8 ирет баш байгени жеңип алган.  2000-ж. Сиднейдеги (Австаралия) жайкы олимпиадага катышкан. 2002-ж. Пусанда   (Түштүк Корея)  өткөн 14-Азия оюндарында коло медалга ээ болгон. Учурда бокс боюнча улуттук команданын ага машыктыруучусу.  Устаты КРдин эмгек  сиңирген машыктыруучусу – У. Үмөтбеков.