КАДЫРОВ Абдуллаат Саматович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:00, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''КАДЫРОВ  ''' Абдуллаат Саматович / 1956-жылы туулган , Ош (азыркы Баткен)  облусу, Лейлек району, Ка...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КАДЫРОВ   Абдуллаат Саматович / 1956-жылы туулган , Ош (азыркы Баткен)  облусу, Лейлек району, Катраӊ айылы/ – медицина илимдеринин доктору (2009). КММИни бүтүргөн (1980).   Эмгек жолун Жалал-Абад шаардык ооруканада врач-интерн болуп баштаган. Лейлек райондук борбордук   ооруканада врач-хирург, Кулунду  аймактык бөлүмүндө  башкы врачтын   орун басары; Кыргызстан туберкулез ИИИде кенже илимий кызматкер, бөлүм башчы; Кыргызстан экология жана жугуштуу ооруларды алдын алуу  ИИИде кенже илимий кызматкер;  Республикалык  туберкулезго каршы диспансердин   өпкө-хирургия  бөлүмүндө хирург;  И. К. Ахунбаев атындагы КММИде  кафедра   башчысы, доцент;  КР Саматтык сактоо министрлигинин УХБда   кафедра башчысы,  башкы врач; генералдык директордун милдетин аткаруучу, директору. КРдин Ардак грамотасы  м-н сыйланган.  Бардыгы  81 илимий  эмгектери, анын ичинде 1 монография, 4 методикалык көрсөтмөлөр, 4 рационализатордук  сунуштары жарык көргөн. Эмг.:  Хирургическое лечение доброкачественной  гиперплазии предстательной железы у больных туберкулезом: монография.–Б.,  2007.– 143 с.