ИЗАЕВА Тамара Асенеевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:45, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ИЗАЕВА  ''' Тамара Асенеевна (1949-жылы туулган,   Ысык-Көл облусу, Түп  району, Талды-Суу айылы) –...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИЗАЕВА   Тамара Асенеевна (1949-жылы туулган,   Ысык-Көл облусу, Түп  району, Талды-Суу айылы) – медицина илимдеринин доктору (2013). И.К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1972). Эмгек жолун Ош облустук ооруканада   врач-ординатор болуп баштаган. Ош шаарындагы пахта комбинатынын   медсанчастында  башкы врачтын дарылоо иштери боюнча  орун басары;  Ош облусунун, Ош шаардык  советинин депутаты;  И.  К. Ахунбаев атындагы  КММИде ассистент, кафедрада доцент;  Б.Н. Ельцин атындагы КРСУда  доцент, профессордун  милдетин аткаруучу.  Бардыгы 95 илимий эмгектердин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Эмг.:                  Оториноларингология боюнча суроолор жана жооптор (Оториноларингология в вопросах и ответах), монография.- Б., 2009. –458 с.; Диагностика кохлеарных и вестибулярных расстройств.–Б., 2013.133 с. (в соавт.).