ЖУМАБАЕВА Таасилкан Токтомаматовна
ЖУМАБАЕВА Таасилкан Токтомаматовна (1958-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Кичи-Каракол айылы) – биология илимдеринин доктору (2002). ОшМУну бүтүргөн (1980). Эмгек жолун Кыргыз ССР ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институунда улук лаборант болуп баштаган. Химиялык физика институнда стажер-изилдөөчү, аспирант; Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда кенже илимий кызматкер; ОшМУда мугалим, улук мугалим, доцент, профессор, кафедра башчысы, декан, окуу иштери боюнча проректор, илимий иштер боюнча проректор, магистратура жана докторантуранын жетекчиси. РАЕге мүчө-корреспендент. Бардыгы 110 илимий эмгектери, анын ичинде1 монография, 3 окуу китептери жарык көргөн, РИАсынын ачылыштарга берилүүчү күбөлүктүн ээси. Эмг.: О возможности регулирования продукции оксида азота в лейкоцитах и макрофагах // Вестник КРСУ.–2016.–Т.16, №3.–С.164–167.