ЖУМАБАЕВ Амангелди Рахмадилдеевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:08, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖУМАБАЕВ'''  Амангелди Рахмадилдеевич (1961-жылы туулган, Талас облусу, Киров  району, Бакаыр айы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖУМАБАЕВ  Амангелди Рахмадилдеевич (1961-жылы туулган, Талас облусу, Киров  району, Бакаыр айылы) –  медицина илимдеринин доктору (2000).   И. К. Ахунбаев атындагы  КММИни бүтүргөн (1986). Эмгек жолун  СССР МИАда ( Москва шаары) клиникалык ординатор, аспирант болуп баштаган. КР   Саламаттык сактоо министрлигинин  онкология ИИИде кенже, улук  илимий кызматкер;  Н. Н. Блохин атындагы РОИБда  (Москва шаары) докторант; КР   Саламаттык сактоо министрлигинин  онкология ИИИнин Оштогу  филиалынын директору;  ОшМУнун   медицина факультетинде  кафедра башчы,  КР  Саламаттык сактоо министрлигинин онкология  борборунда башкы илимий кызматкер. Бардыгы 279 илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 19 методикалык сунуштама, 5 окуу куралдары жарык көргөн. Эмг.: Оптимизация лечения рака слизистой оболочки полости рта: монография. Ош: Билим, 2003.– 87 с.