ДҮЙШӨНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:03, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ДҮЙШӨНАЛИЕВ''' Туратбек Болотбекович (1960-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кырк-Казык а...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ДҮЙШӨНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович (1960-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кырк-Казык айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2003), профессор(2012). Ростов-на-Дону  шаарындагы  инженер-курулуш институтунун  “Айыл чарба  курулушу” адистигин  бүтүргөн (1982). Эмгек жолун  “Ростов Промстрой ИИИ долбоор” (Ростов-на-Дону  шаарында)   институтунда инженер болуп баштаган. Ошол эле жерде аспирант, кенже  илимий кызматкер;  ФПИ-КАКИде инженер-программист,  мугалим, улук мугалим,  доцент, кафедра башчысы, докторант; КМТУда доцент,  кафедра башчысы,  экономика ж-а    финансы-чарба иштери боюнча, илим жана сырткы байланыш боюнча проректор,  ректор,  кафедра  башчысы. КРдин илим ж-а техника боюнча  мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.  Бардыгы 146 илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 2 окуу китеби, 2 патенти   жарык көргөн.  Эмг.: Прочность и пластичность материалов.–СПб.: Изд-во СПб. Политех. Универ. Петра Великого, 2016.–217 с.