ЖУРАЕВ Абубакир Мухтарович
ЖУРАЕВ Абубакир Мухтарович ( 1961-жылы туулган, Ош облусу, Араван району, Жаӊы-Жол айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2010). СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУну бүтүргөн (1983). Эмгек жолун Кыргыз ССР ИАда улук инженер болуп баштаган. МЭИде стажер-изилдөөчү, аспирант; ИМУда улук мугалим, доцент, кафедра башчысы; ОшТУда кафедра башчысы, департаменттин директору; КӨУда кафедра башчысы, декан; ОшМУда кафедра башчысы, институтун директору; КМУда илимий иштер боюнча проректор; КРдин БИМде Илим башкармалыгынын начальниги, долбоорлор экспертизасы секторунун башчысы. Бардыгы 94 илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 5 окуу китептери жарык көргөн. Эмг.: Нормальная разрешимость сингулярно-возмущенной краевой задачи с кратным нулевым спектром //Приволжский научный вестник.– 2015.-№2 (42). – С.а 5-7.