ЖУМАНАЗАРОВА Асылкан Зулпукаровна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:56, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖУМАНАЗАРОВА   ''' Асылкан Зулпукаровна  (1952-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке ай...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖУМАНАЗАРОВА    Асылкан Зулпукаровна  (1952-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке айылы)  – химия илимдеринин доктору (2007).    КМУну бүтүргөн (1974).  Эмгек жолун КР УИАда  лаборант болуп  баштаган. Ошол эле жерде кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер лаборатория башчысы  болгон; СССР ИАсынын  Органикалык   химия институтунда   (Москва шаары ) аспирант;  КР ЖАКда бөлүм башчы;  КР УИАнын президиумунда   бөлүм башчы; КР УИАнын   фитотехнология иннвациялык  борборунда лаборатория башчысы болгон.  КРдин Ардак грамотасы м-н сыйланган,  КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын,  И. Арабаев атындагы сыйлыктардын лауреаты.  Бардыгы 110 илимий эмгектери,  анын ичинде  1 монография, 4 окуу китептери , 2 патенти жарык көргөн. Эмг.: Биологическое испытание аддуктов клозапина и глицирама в соотношении 1:2 и  1:4 //Приволжский научный вестник.– 2016.–№4 (56). –С. 8-12 (в соавт.).