ЖЕМУРАТОВ Кубанычбек Абдукадырович
Jump to navigation
Jump to search
ЖЕМУРАТОВ Кубанычбек Абдукадырович /1964-жылы туулган, Ош (азыркы Баткен) облусу, Сүлүктү шаары/ – медицина илимдеринин доктору (2011). И.К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1987). Эмгек жолун КММИде кафедрада ассистент болуп баштаган. КРдин ооруканалар ассоциациясында клиника-маалымат системасы боюнча адис, администрациялык директор. Бардыгы 65 илимий эмгектери жарык көргөн. Эмг: Пути и механизмы оптимизации стационарной медицинской помощи населению в условиях реформировании отрасли. –Б. 2009.–135 с.