ЖҮРӨК АРИТМИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:27, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖҮРӨК  АРИТМИЯСЫ'''  (гр. Appvguia – ритмсиздик, макулдашылбаган) – жүрөктүн козголушунун улам нор...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖҮРӨК  АРИТМИЯСЫ  (гр. Appvguia – ритмсиздик, макулдашылбаган) – жүрөктүн козголушунун улам нормадагы ритминин  ж-а жыйрылышынын   бузулушу.  Жүрөктүн ар кайсы бөлүгүндөгү жыйрылуу автоматизминин, козголушунун   ж-а өткөргүчтүгүнүн   бузулушу Жүрөк  аритмиясынын өөрчүү механизминин негизи  болушу мүмкүн. Жүрөк  аритмиясында синус  ритми деп аталган нормадагы  ритмдин тездеши (тахикардия) же жайлашы   (брадикардия); эрте  козголуу (экстрасистолия);  пароксизмалдык тахикардия; жүрөк толтосунун же карынчасынын баш-аламан  козголушу же фибриляциясы  (бүлбүлдөк аритмия);  жүрөк блокадасы   байкалат. Жүрөк оорулары  (жүрөк кемтиги,  жүрөктүн ишемия оорусу ж. б.),  ошондой эле  жүрөк ритмин  нервдик жөнгө салуунун  бузулушу жүрөк  аритмиясынын себеби болушу мүмкүн.   Оорулуу үчүн  жүрөк  аритмиясынын мааниси анын кан айлануусунун  бузулушуна  байланыштуу субьективдүү  сезим  аркылуу, ошондой  эле   оорулуунун өмүрүнө  коркунучтуу аритмиянын  оор түрүнүн  өөрчүшү м-н аныкталат.  Жүрөк аритмитясынын    тамырдын кагышы (пульс) кээде жүрөктү  каккылоо (аускультация)   м-н,      ЭКГ, ошондой  эле  жүрөк ритмин узак убакытка   (сутка же андан узак) мониторлоо   м-н   так аныктоого болот.  Кээ бир учурларда  башка диагностикалык   ыкмалар колдонулат.   Симптомдук жүрөк  аритмиясы  аны пайда кылуучу  негизги ооруну   жакшы дарылоо м-н   (мисалы, калкан безинин   ишин басаңдатуу)   жетишсе болот. Бирок, көпчүлүк  учурда аритмияга каршы дарылар, электрокардиостимуляция ж-а дефибриляторлор  колдонулат. Кээде  ( жеңил учурда)  жүрөк аритмиясы атайын дарылоону талап кылбайт.