ЖОЛДОШБЕКОВ Есенгельди Жолдошбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:50, 13 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖОЛДОШБЕКОВ''' Есенгельди Жолдошбекович (1968-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн  району, Кой-Таш...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖОЛДОШБЕКОВ Есенгельди Жолдошбекович (1968-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн  району, Кой-Таш айылы) – медицина илимдеринин доктору (2014).   И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1993). Эмгек жолун  И.К. Ахунбаев атындагы КММИде  ассистент  болуп баштаган, ошол эле жерде кафедранын доценти; Азия медицина институтунда ректор; И. К. Ахунбаев атындагы КММИде  професордун милдетин аткаруучу, декан. Бардыгы 72  илимий эмгектери,  анын ичинде 2 монографиянын автору. Эмг.: Синдром диабетической стопы: монография. – Б., 2012.–165 с.