ЛЕГАТО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:58, 12 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЛЕГАТО''' (италянча legato – байланышкан) – бир добуштан экинчи бир добушка тынымсыз өтүү. Вокалд...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЛЕГАТО (италянча legato – байланышкан) – бир добуштан экинчи бир добушка тынымсыз өтүү. Вокалдык, аспаптык чыгармаларды аткарууда добуштарын созуп, бири-бири менен байланыштырып аткаруу. Ырдоодо, үйлөмө музыкалык аспаптарда ойноодо, добушту бир гана дем менен аткаруу, кылдуу жаалуу тартма аспаптардын жаасын бир гана (жогору же төмөн) тартуу. Эки нотаны бириктирген сызыкча белгиси.