ЛАВАБО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:38, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЛАВАБО''', р а в а т, рабоб – кытайлыктардын (синьцзяндыктардын) чертме кылдуу элдик музыкалык а...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЛАВАБО, р а в а т, рабоб – кытайлыктардын (синьцзяндыктардын) чертме кылдуу элдик музыкалык аспабы. Өзбекстанга жана Орто Азия, Индия өлкөлөрүндө да тараган. Лавабо жыгачтан чабылат, чарасы чөйчөк түспөлүндө келип, жаргак менен капталат. Моюну 21-23 ладдарга, беренелерге бөлүнгөн. Жалпы узундугу 950-1000 миллиметр. 5 кылдуу, тарамыштан жасалат. Жеке, ансамблде, эл аспаптар оркестринде ырларды жана башка чыгармаларды коштойт.