КУМУЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:36, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''КУМУЗ''', агач кумуз – дагестандыктардын элдик кылдуу чертме музыкалык аспабы. Өрүктөн жана ба...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КУМУЗ, агач кумуз – дагестандыктардын элдик кылдуу чертме музыкалык аспабы. Өрүктөн жана башка жыгачтардан чабылат. Кумуздун ар кандай түрлөрү (авар, даргин, кумык жана башка) калктарда кезигет. Алар кылынын саны, беренеси менен айырмаланат. Кумуз жаргактан жасалган плектор менен чертилет. Биринчи кылында обон чертилсе, калган эки кылы коштойт. Азыркы кездеги өркүндөтүлгөн оркестрде ойноло турган кумуздун үч түрү (кумуз - прима, кумуз - альт жана кумуз - бас) бар. 14 беренеге бөлүнгөн. Эл аспаптар оркестринде ырларды коштойт.