КОШНАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:31, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''КОШНАЙ''' (өзбекче куш-жуп, най-түтүк, камыш) – өзбек, тажиктердин байыркы үйлөмө музыкалык аспа...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КОШНАЙ (өзбекче куш-жуп, най-түтүк, камыш) – өзбек, тажиктердин байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Добушу жагынан кларнет түркүмүнө кирет. Камыштан, жыгачтан жана башкадан жасалат. Жалпы узундугу 250-300 миллиметр. Добуш чыгара турган огу бар. Жети көзөнөктүү, жалгыз чымылдактуу. Добуш катары биринчи, экинчи октаваны ээлейт, жеке, аспаптык ансамблдерде, эл аспаптар оркестринде ойнолот.