КОНЦЕРТИНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''КОНЦЕРТИНО''' (италянча concertino – чакан концерт) 1. Жеке аткаруучу оркестрдин коштоосунда ойного...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КОНЦЕРТИНО (италянча concertino – чакан концерт) 1. Жеке аткаруучу оркестрдин коштоосунда ойногон кубултмалуу мүнөздөгү музыкалык чыгарма. Ал концерттин чакан көлөмү, ошондой эле анча татаал эместиги менен ойногондордун чакан тобу. Кыргыз музыка тарыхында алгачкылардан болуп дирижёр, музыкант Р. Миронович менен Б. Кулболдиев залкар комузчу Ныязаалы Борошовдун «Арсар күүсүнө» атайын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестри үчүн «Концертино» жазышкан. Ал комузчу менен эл аспаптар оркестринин музыканттарынын ортосунда кайымдашып айтышкандай мыкты чеберчиликте жазылган жана аткарылган.