КЛАССИКАЛЫК МУЗЫКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''КЛАССИКАЛЫК''' '''МУЗЫКА''' (латынча clasicus – үлгүлүү) – ар бир калктын, анын ичинен дүйнөлүк музык...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КЛАССИКАЛЫК МУЗЫКА (латынча clasicus – үлгүлүү) – ар бир калктын, анын ичинен дүйнөлүк музыка маданиятын казынасына айланган үлгүлүү, классикалык чыгарма; бардык мезгилде идеянын мазмуну жана көркөмдүк  даражасы эң жогору бааланган атактуу композиторлордун өткөн доорлордогу чыгарган музыкалык мурастары. Ошондой эле совет мезгилинде жазылган чындык турмушту, терең мазмунду, көркөм касиетти бийик чагылдырган чыгармалар классикалык музыка казынасына кирет. Классикалык музыканын чыгармалары адамзаттын адамгерчилик жана агартуучул изги идеяларынын туундулары болуп келген. Арийне, ар бир элдин тарыхый тагдырына байланыштуу классикалык музыка бир элде эрте, экинчи бир элде кеч пайда болгон. Мисалы, Грецияда биздин заманга чейин V кылымда, Римде I кылымда, Орто Азия жана Чыгышта IX–XII кылымдарда өнүккөн. Кыргыз классикалык музыкасынын жаралышы да XIX кылымга таандык. Анын өкүлдөрү – Арстанбек, Жеңижок, Калыгул, Токой, Боогачы жана башкалар.