КЕМАНЧА музыкалык аспап

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:05, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Lera moved page КЕМАНЧА to КЕМАНЧА музыкалык аспап) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

КЕМАНЧА, кяманча (персче кеман – жаа) – азербайжан, армян, грузин жана дагестандыктардын байыркы жаалуу тартма музыкалык аспабы. Ошондой эле Орто жана Жакынкы Чыгыш элдеринин да музыкалык аспабы. Кеманча тулкусу жыгачтан чабылат. Чарасы жука, балыктын териси менен капкакталат. Моюну узун, ичке буту темирден, кеманча тизеге коюп, жерге коюп отуруп ойнолот. Кеманча 2, 3, 4 кылдуу болот. Жалпы узундугу 850-900 миллиметр. Жеке, ансамблде, эл аспаптар оркестринде ойнолот. Ырларды, аспаптык чыгармаларды коштоого алат.